Милиция кызматкерлери Мурас-Ордо конушунда өлтүрүлгөн баланын агасы тууралуу көрсөтмөлөрдү берди.

Белгилүү болгондой, бала Озерное айылындагы орто мектепте окуган. Каза болгон учурда ал агасы менен үйдө болгон.

«Маркумдун бир тууган агасы 10-класста окуйт. Азыр милиция аны издеп жатат. Багыттар Бишкек ШИИББинин бардык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү. Каза болгон баланын сөөгү моргго жеткирилген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын тамагына бычак сайылып калган », — деп билдиришти күч түзүмдөрүнөн.

Эскерте кетсек, каргашалуу окуя бүгүн,  17-мартта саат 12:00дөр чамасында орун алган. Милицияга Мурас-Ордо конушундагы үйдөн баланын сөөгү табылгандыгы тууралуу чалуу келип түшкөн. Каза болгон бала мууздалганы аныкталган. Сөөктү жумушунан түштөнүүгө  үйүнө келгенде баланын энеси таап алган.