Коом

Рейд учурунда түнкүсүн интернет клубдарда жүргөн 42 өспүрүм аныкталды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан  «Кароосуз балдар» деген аталыштагы профилактикалык иш-чара болуп өттү. Анын негизги максаты  Ош шаарынын аймагында оор социалдык шарттарда жашаган балдарды аныктоо, тиешелүү жардам колун сунуу болуп саналат.

Ошол эле мезгилде  милиция кызматкерлерине  жаш балдардын мээнетин мыйзамсыз  пайдаланган ата-энелерди  жана түнкү мезгилде чоӊ адамдардын коштоосу жок жүргөн  өспүрүмдөрдү табуу, алар менен мыйзамдуулукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алууну көздөгөн маектешүүлөрдү жүргүзүү тапшырылган.  Бул рейд өткөн үч күн аралыгында милиция кызматкерлери коомдук жайларда: соода түйүндөрүндө, базарларда, интернет жана түнкү клубдарда, жаш өспүрүмдөр болушу мүмкүн делинген жер төлө менен чердактарда болушуп, ал жерден табылган өспүрүмдөр менен маектешүүлөрдү өткөрүштү.

Рейд учурунда атайын учетко 8 өспүрүм коюлду, шаардык  балдар комиссиясына кароо үчүн оор шартта жашаган 11 бала боюнча тиешелүү маалыматтар топтолуп, жөнөтүлдү.  Дайынсыз жоголгон бир баланын жүргөн жери такталып, 2  кылмыштын бети ачылды.  Түнкүсүн чоӊ адамдын коштоосу жок  интернет клубдарында жүргөн жүргөн 42 өспүрүм балдардын реабилитациялык борборуна алынып келинди.  Бул балдар окуган тешелүү билим берүү мекемелерине, социалдык коргоо тармагына 31 кат жөнөтүлдү.

Өз балдарына тиешелүү көңүл бурбай, милдеттерин аткарбаган ата-энелерге карата  21 протокол түзүлдү.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бул багытта ишти күчөтүү тапшырылып, жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалуучу кылмыштардын жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалуучу кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер  уланууда.

   Ош ШИИБдин  басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button