«Кумтөр» алтын кенинин ишмердиги боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн «мамлекеттик комиссия» кен казылып жаткан аймакка барып, андагы иштин жүрүшү менен таанышып келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына кирген депутаттар алдыда кен боюнча иликтөө иштерин борбор шаардан улантат. Алар «Кумтөр» алтын кенине 18-мартта барышкан.

Комиссиянын мүчөсү, парламент депутаты Каныбек Иманалиев билдиргендей, калдык сактоочу жайда 106 тоннадай алтын бар. Иманалиев бул көлөмдөгү алтынды кайра иштетүү керектигин айтып, жаңы тендер өткөрүү мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков аймактагы мөңгүлөргө аяр мамиле жасалышы керектигин айтып, учурда ал жердеги 5 мөңгүнүн экөө гана толугу менен таза турганын билдирди.

Кендин ишин текшерүүчү комиссия 17-февралда парламентте сунушталып түзүлгөн. Бул тууралуу демилгени депутат Жыргалбек Турускулов көтөрүп, кендеги экологиялык абалды, берилип кетти делген 16 гектар жер аянтын, кендеги запастын көлөмү тууралуу иликтөөнү сунуштаган.

Кумтөрдүн ишин текшерүү комиссиялар буга чейин да бир нече жолу түзүлгөн.

Кумтөр — Кыргызстандагы алтындын запасы эң көп кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясы иштетет. Азыркы мезгилде «Кумтөр» кени мыйзамдуу келишимдерге ылайык, өлкө казынасына 13 %, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна 1 % салыктык төгүм аткарат. Ошондой эле кенди иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясында мамлекеттин 26,6%дык үлүшү бар.