Бишкек шаардык соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын жакындарынын өтүнүчүн четке каккан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу 23-мартта шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Матраимовдор сотто алар тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды жайылтууга тыюу салууну өтүнүшкөн жана ошого байланыштуу негизги арыз боюнча соттук териштирүү убактылуу токтогон.

Свердлов райондук соту быйыл февраль айынын башында ал өтүнүчтү четке каккан.

Матраимовдордун доо арызы боюнча негизги ишти Бишкектин Свердлов райондук соту кароодо. Соңку отурумда Райымбек Матраимов жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунова аты-жөнүн алмаштырганы үчүн тиешелүү документтер талап кылынгандыктан 3-февралга которулган.