Коом

Аброр үй-бүлөсүн Таджикстандан Кыргызстанга көчүрүп келген

Өз эли жери үчүн кызмат кылууну жашынан кыялданган Аброр үй-бүлөсүн Таджикстандан Кыргызстанга көчүрүп келген.
Бүгүнкү күнү Аламүдүн районунун ИИБдө жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын улук инспектору милициянын ага лейтенанты Разиков Аброр Кыргыз мамлекетинин өнүгүп-өсүүсү үчүн өз салымымды кошсом деген максаты менен ар дайым кызматын жоопкерчилик менен аткарып келет.
Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктарды жана тартип бузууларды алдын алуу, аз камсыз болгон үй-бүлөрдү аныктоо андагы жашы жете элек өспүрүмдөрдү каттоого алып, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен биргеликте иш-алып баруу, сабактарга катышпай калган өспүрүмдөрдөн кабар алуу, алардын ата-эенелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана өспүрүмдөргө тарбиялык маанидеги лекцияларды окуу жана башка иш-чараларды уюштуруу Аброр Разиковдун күнүмдүк жумушу.
Ал бул кызматын рахаттануу менен аткарып, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулкта алдын алууга өз пайдам тийсе деген жалгыз максаты бар экенин белгилейт.
Разиков Аброр Таджиксан Республикасынын Жерге-Тал районунда туулган этникалык кыргыз. Ал жашынан эле Кыргыстанга келип окуп, ушул жерде кызмат кылууну кыялданып чоңойгон. Орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан соң, жашынан кыялданган Бишкек шаарына келип жогорку окуу жайлардын бирине тапшырган. Аброр мырза жогорку окуу жайда окуп жүргөндө ар түрдүү иш-чараларга активдүү катышып, этникалык кыргыздарга байланыштуу маселелерди көтөрүп, тиешелүү уюмдардын көмөгү менен 23 миң даана кыргыз тилиндеги адабий жана окуу китептерин өзү туулуп өскөн айылына жеткирген. Өзү үй-бүлөсүнүн улуусу болгондуктан инилери орто мектепти аяктаган соң аларды Бишкек шаарына окууга чакырып алган. Кийин 2011-жылы ата-энесин дагы Кыргызстанга көчүрүп келүүгө жетишкен.
Жогорку окуу жайды аяктаган соң 2012-жылы ички иштер органдарына жумушка орношкон. Алгач ИИМдин Күзөт кызматында, ИИМдин “Шумкар” АБПда кызмат өтөп, кийин Аламүдүн РИИБнө аймактык милиция кызматкери болуп которулган. Үч жылдан ашык жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында кызмат өтөп келет.
Бүгүнкү кызматы өлкөбүздүн келечеги болгон жаш өспүрүмдөр менен байланыштуу болгондуктан, болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап, мамлекетибиздин өнүгүп-өсүүсү үчүн ак кызмат кылууга тандап алган кесиби менен сыймыктанаарын билдирет.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button