Саясат

К.Ташиев: «Чек ара маселесин чечүүдө чагымчылдардын сөзүнө алдырбоого чакырам»

“Менин дагы, Президент Садыр Жапаровдун дагы Кыргыз жерин саткан адамдар деген ат менен тарыхта калгыбыз келбейт», — деди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Бирлик айылдык кеңешинин тургундары менен жолугушууда.

Ал белгилегендей, чек ара маселелерин чечүүдө Садыр Жапаров экөө өлкөнүн мурунку бийлигинин тушунда кол коюлган документтер менен эсептешиши керек.

«Буга чейин документтештирилген көптөгөн жер тилкелери бар. Ал тургай жергиликтүү бийлик жер тилкелерин, бүтүндөй совхоздорду өткөрүп беришкен”, — деди УКМКнын башчысы.

Ал чек аранын айрым участокторун делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ар бир чечими ачык болоорун убада кылды.

«Кыйынчылыктарга карабастан, чек ара маселелерин чечүү керек. Ошентип мен жоопкерчиликти өз мойнума алдым. Албетте, эл каршы болсо, айрым чечимдер аткарылбай калышы мүмкүн, бирок делимитация жана демаркация маселелери аягына чыгышы керек», — деди Ташиев.

Ошондой эле, УКМК төрагасы эл менен жолугушуусунда, коомчулукта айрым бир элди дүрбөткөн провокаторлор болуп жатканын. Алардын «Жапаров менен Ташиев жерди сатып жиберди»,- деген  сөздөрүнө  ишенбөөгө чакырды.

Бүгүн, 30-мартта саат 17.00дө Ташиевдин Ош облусунун Өзгөн районундагы эл менен жолугушуусу болот.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button