Бүгүн  премьер-министр COVID-19га каршы эмделиши мүмкүн.  Мындай пикирин, «Биринчи радиого» түз эфирде берген маегине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн антителого тест тапшырат. «Эгерде анын жыйынтыгы терс чыкса, мүмкүн, бүгүн ал коронавирустук инфекциядан эмдөөдөн өтөт», — деп кошумчалады  Бейшеналиев.