Коом

Бишкекте той өткөрүүгө чектөө киргизүү пландалып жатат

Бишкекте коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу бийлик той жана үлпөт тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу “Биринчи радиого” түз эфирде берген маегинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында чечим кабыл алынат.

“Чечим бар, аны бүгүн кечке жуук же эртең жарыялайбыз”, — деди Бейшеналиев.

Министр белгилегендей, борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет дагы ошого жараша чечим чыгат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button