Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан убактылуу четтетти.

Парламентке мындай сунушту мамлекет башчы Садыр Жапаров киргизген. Президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов укук коргоо органдары тарабынан Калиевага кылмыш иши козголгондон кийин Дисциплинардык комиссия тергөө бүткөнгө чейин аны кызматтан четтетүү чечимин чыгарганын билдирди.

Жыйынтыгында көпчүлүк депутаттар президенттин сунушун жактырып, төрт эл өкүлү каршы добуш берди.