-Элдин башкы көйгөйүнө айланган чек ара чыр-чатактарын чечүүнүн кандай жолу бар деп ойлойсуз?

-Чек ара маселесин чечүү бир гана мамлекеттин кызыкчылыгынан көз каранды эмес. Бул эки мамлекеттин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде дипломатиялык жол менен гана чечиле турган маселе. Ал эми Кыргызстан ЕАЭБге кирген мамлекет катары чек араларды кайтаруу жагынан өз милдеттенмелери бар. Анан калса ар бир өлкө өз кызыкчылыгын ойлойт. Бирок, чек ара маселесинде, кайсы мамлекет болбосун бир эле учурда утулушу да, утушу да мүмкүн. Мындайча айтканда бир жеринен утат, бир жеринен утулат. Эч ким, карыш жерин бирөөгө жөн эле берип койгусу келбейт. Анткени, дүйнөлүк практикада дагы эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүдө сөзсүз жер алмашуулар негизги ролду ойноп келген. Мына жакында Өзбекстан менен чек ара маселебиз чечилип жатат деген жакшы кабарлар чыкты. Бул коомчулукта айрымдардын колдоосуна ээ болсо, айрым жарандарыбыздын нараазычылыгын жаратты. Бирок, азыр алдын ала баа берүү эрте. Бул боюнча документтер жалпы элдин талдоосуна чыкканда гана талдап туруп баа бергенибиз оң.  Биз өз жерибизди кандай коргосок,  Өзбекстан да ошондой эле аракетте болот. Алар  деле өз жерин бирөөгө жөн эле бере койбойт. Чек ара маселеси эки өлкөнүн жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизинде эки мамлекетке тең ыңгайлуу шартта чечилип жатса керек деп ойлойм. Ошондой эле бул боюнча  биз кайсыл жеринен уттук, кайсыл жеринен зыян тарттык, бирок, жалпысынан алганда эки өлкөнүн чек ара маселеси чечилди деп элге жалпак тилде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл.

Ал эми анклавдарга коридор ачуу боюнча бизде дагы “Советабад” бар, “Маданият” бар мына ошол кыска жолдорду биздин жарандарга да коңшулар ачып койсо, биз дагы Сохтон коңшу өлкөгө коридор берсек, баарыбызга тең ыңгайлуу болмок. Ошондой эле келечекте Европа өлкөлөрүндөй чек аралар бара-бара ачылып, эл эч тоскоолдуксуз ары-бери каттай тургандай шарт түзүлөт деп абдан үмүттөнөм. Анткени бизде эзелтеден коңшулар менен карым-катнашыбыз ачык болгон.  Буга Улуу Жибек Жолу далил.

— 2020-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдөн чыккан капиталдын көлөмү көбөйүп, инвестиция кыскарды. Экономикада тартыштык күчөп турат. Бүгүн негизгиси инвестор, жарандар арасында ишеним менен туруктуулукту камсыз кылуу маанилүү эмеспи?

-Мамлекет менен ишкерлик чөйрөсүнүн ортосунда салык кодексинин негизинде гана карым-катнаш болушу керек. Алар убагында салык төлөсө, мыйзамды так сактаса бийлик башка мамлекеттик мекемелердин кийлигишип, текшерүүсүнө жол бербеши кажет. Президенттин биринчи ишкерликти колдоо боюнча чыккан жарлыгы жакшы жөрөлгө. Муну колдоого алуу керек. Ал эми финансы полициясынын жоюлганы бул ишкерлердин бийликке болгон кандайдыр бир деңгээлде ишенимин жаратты. Анткени, бир эле ишкерди ондон ашуун мекеме текшерет. Ал эми канчалык текшерүү күч болсо ошончолук тоскоолдук көп болот. Азыр финансы полициясынын ордуна (кандай деп түзүлүп жатат билбейт экенмин) салык полиция болсо, мамлекетке салык төлөбөй качкандар менен салык кодексинин негизинде, мына ушул орган иш алып барса жылыш болот деп ойлойм. Жеке ишкерлер салык кызматы менен гана иш алып барышы керек. Ал эми бюджеттик мекемелерге текшерүүлөрдү эсептөө палатасы гана жүргүзгөнү туура. Текшерүү жаатында мына ушул эки орган, андан тышкары жарандарыбыздын саламаттыгын, ден соолугун коргоо боюнча мамлекеттик санитардык –эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана жарандарыбыздын өрттөн сактануу коопсуздугу боюнча өрт өчүрүү борбору  иш алып баруусу абзел.

Мен былтыр Ысык-Көлдөгү курорттук сезонду сактап калуу үчүн бул жатта иш алып барган ишкерлерди колдоо максатында салыктан бошотуу керек деп маек бердим эле. Быйыл деле пандемия бүтө элек. Ошондуктан алар мамлекетке канча салык төгөрүн эсептеп көрүү керек. Анткени курорттук сезон болгон жок, алар өткөн жылы кирешеге эмес чыгашага иштешти. Быйыл мына ошол ишкерлерди салыктан бошотуп койсо,  кандайдыр бир деңгээлде иштерин жолго коюп, бутуна туруп алууга шарт түзүлмөк деп ойлойм. Ансыз болбойт. Биз Россия, Турция өңдүү күчтүү өлкөлөрдөй ишкерлерибизге бюджетте каражат жок болгондуктан акча каражатты менен колдоо көрсөтө албайбыз.

-Буга чейин өкмөт экономикалык мунапыс жарыялап, бизнести коргоого убада кылган. Убада канчалык деңгээлде ишке ашып жатат? Ошондой эле, жакында «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Бул боюнча сиздин оюңуз?

-2013-жылы “Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү” жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык амнистия (легалдаштыруу) чыккан. Мына ушул мыйзамдын негизинде мүлктү жана капиталды легалдаштыруу жүргүзүлгөн. Негизи капиталга мунапыс же салык мунапысы дүйнө өлкөлөрүндө ар кандай шартта маал-маалы менен колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Киреше-мүлктү легалдаштыруу толугу менен ыктыярдуу жараян. Бул өнөктүккө катышаар-катышпасын ар бир жаран өзү чечет. Ошондой эле “Бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарына ылайык, өкмөт тарабынан бекитилген формага бир гана үлгүдө жазылган декларация, мамлекеттик нотариалдык кеңселер тарабынан гана бекитилген. Ал документ декларанттын өзүндө гана сакталат, мазмуну эч ким тарабынан териштирилбейт. Толтурулган бланкты алган нотариус декларанттын өздүгүн жана паспорттук маалыматтарын гана текшерет. Башка эч нерсени көрсөтпөйт. Декларациянын мазмуну менен таанышпайт, ырастоочу документтерди талап кылбайт. Декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн колун гана бекитет. Жалгыз гана үлгүдөгү декларация дароо эле декларанттын өзүнө берилип, анда сакталат. Мамлекеттик нотариуска, мамлекеттик мекемелерге көчүрмөсүн алууга тыюу салынат. Декларациянын формасы абдан эле жөнөкөй. Жарандын өкмөткө, өлкөгө болгон жалпы ишенимин жараткан жогорудагы мыйзамда кепилдиктер жакшы жазылган. Ал документ мыйзамдык да, процедуралык да кепилдиктерди берген. Ошондой эле декларацияга көргөзгөн мүлкүн ар бир жаран өзү баалаган, эгер ал мүлк 45 миллион сомдон ашпаса, декларант декларция кагазына гана акы төлөгөн, эгерде мүлкүң 45 миллион же андан ашса анда 1 пайыз пошлина мамлекетке төлөөгө туура келген. Азыр коомчулукта суроо жаралууда эмне үчүн ошол мезгилде көпчүлүк саясатчылар жана ишкерлер бул нерсени жасаган жок деген. Балким айрым аткаминерлер чоң кызматтарда туруп, мага эч ким тийе албайт деген ойго жетеленген чыгаар. Бирок, бул туура эмес. Ошол мезгилде биздин өлкөдө көпчүлүк учурда мыйзам иштебегендигинин, бийлик өз атаандаштарын калагандай калчаарын өз башымдан өткөрүп жатып болгон мүлкүмдү декларацияда так көрсөтүп легалдаштыруу барагын алганмын. Бул декларант барагы мамлекет тарабынан берилген мыйзамдуу гарант болуп эсептелинет.Ал эми 2020-жылдын башында Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлүп, ушул жылдын башында кабыл алынган жаңы «Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамды да окуп чыктым. Бирок бул мыйзамдын иштөө тартиби бир топ татаалыраак экен. 2013-жылы кабыл алынган мыйзам эл аралык мыйзамдарга шайкеш келип жөнөкөй, жалпак тилде жазылып, мамлекет тарабынан берилген кепилдиги так жана дана көрсөтүлгөн болчу. Эгерде өкмөт ушул мыйзамдын негизинде дагы бир жолу элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, дагы бир жолу жасаса, көмүскө экономиканын баары ачыкка чыгат беле деп ойлойм.

Бул боюнча Грузия, Казакстан, Турция жана башка бир топ мамлекеттер алгылыктуу иш жүргүзүштү. Бүгүнкү күндө ишкерлерди колдоо өтө зарыл болуп турат. Анткени, импорт менен экспорттун көлөмү 20 пайыздан төмөн түшүп кеткендиги мамлекетке да, жөнөкөй жарандарыбызга да өз залакасын тийгизбей койбойт. Ал эми күч менен ишкерлерди “салык төлө” деп кыйнай берүү банкротко алып келет. Бүгүн мамлекет экономиканы көтөрүү максатында ишкерлер төлөп жаткан салыктын эсебин так эсептеп чыгып, аларды салыктан бошотсо анда мамлекет ошончо суммадагы чыгашадан баш тартуусу керек. Анткени, бүгүнкү күндө Европада коронавирустун үчүнчү этабы башталып жатат. Бүгүн ар бир өлкө өз экономикасын сактап калуунун жолдорун издөөдө.

Ошондуктан биз бюджеттин чыгаша бөлүгүн дагы бир жолу карап чыгып, бүгүнкү күндө өтө зарыл болбогон чыгашаларды кыскартышыбыз керек. Экинчиден ишкерлерди, инвесторлорду колдоо үчүн жарыяланган президенттин жарлыктарынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу кажет. Ошондой эле күч түзүмдөрүнүн мыйзамдан тышкары инвесторлорду текшерүүсүн токтотуу керек. Бул ансыз да алсырап турган экономикабызды ого бетер алсыратат. Анткени, ишкерлер банкротко учураса жумушсуздук күчөйт, мамлекеттин казынасы кемийт.