Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнүн себептерин атайын түзүлгөн комиссия иликтейт.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова «24 кж» агенттигине билдиргендей, Бахтияр Шакировдун электрондук базада кытай вакцинасы менен эмделгени катталган эмес.

«Электрондук базага бардык эмдөөлөр киргизилген. Андан тышкары, вакциналар куюлган мекемелер менен сүйлөштүм. Алардын эч биринде консулдуктун кызматкерлери эмдөөдөн өткөн эмес. Тышкы иштер министрлиги биз аларды пландаштырыш үчүн кат менен кайрылды, бирок азыр старт-ап этабы жүрүп жатат, анда биз биринчи кезекте медициналык кызматкерлерди жана мугалимдерди эмдеп жатабыз », — деди ал.

Гүлбара Ишенаписова кандай болгон күндө дагы, бардык маалыматтарды дагы бир жолу изилдей турган комиссия түзүлөөрүн кошумчалады.

Жалпысынан 417 адам эмдөөдөн өткөн. «Алардын абалы канааттандырарлык. Эки-үч учурда температура, баш оору, жүрөк айлануу сезимдери болгон. Бардык реакциялар дагы жазылып алынды», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров эмдөөдөн кийин каза болгонун, саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.