Коом

Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы Эрнис Тилеков өз каалоосу менен кызматтан кетти

Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы Эрнис Тилеков өз каалоосу менен кызматтан кетти. 

«Өз каалоом менен Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун директорлук кызматын тапшырып берем. Себеби талашып-тартышууну, актанууну жана жетекчинин креслосуна жабышууну каалабайм. Менин турмуштук принцибим — жаратмандык жана топтолгон көйгөйдү конструктивдүү жол менен чечүү», — деген ал.

Тилеков Онкология жана гематология боюнча улуттук борборду 2017-жылдан бери жетектеп келет.

«Мага ишенип тапшырылган кызматта төрт жыл иштеп пайдалуу көп тажрыйба алдым. Бардык пландар аткарылбай калганына жана COVID-19 пандемиясына дагы көп көйгөйлөр кошулганына өкүнөм. Андыктан ордума келген кишиге мага караганда дагы бир топ кыйын болсо керек. Менден кийин келген жетекчиге чыдамдуулук, ийгилик жана адамдардын ден соолугу үчүн коюлган максаттарына жетишин каалайм», — деди Тилеков.

Ал ишке клиницист катары жана билим берүү-агартуучулук тажрыйбасын бөлүшүү үчүн кайтарын айтты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button