Коом

Жетишпеген жашоодон баласын таштайын деген. Жоголгон эки жашар наристенин энеси табылды

Кечээ Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйлөрдүн биринин короосунан табылган эки жашар баланын энеси милицияга кайрылган. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1999-жылы туулган М.С. аттуу айым байланышка чыгып, баланын апасы экендигин билдирген. Аталган жаран милиция бөлүмүнө чакырылып, ал баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн.

«Сүйлөшүү учурунда, ал Чүй облусунун аймагында жашаарын, 12-апрель күнү 3-кичи районунда жайгашкан туугандарыныкына келишкенин айтып берген. Андан соң алар тууганыкынан чыгып кетип бара жатканда кызы өзүн жаман сезип баштаганын айткан. Буга байланыштуу баласын ушул жерде туруп тур деп калтырып кеткен. Алар аталган аймакты жакшы билбегенине байланыштуу багытын жоготуп жибергенин айткан. Учурда аталган айым Октябрь районунун акимиатында, ага тийиштүү кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан кийин алар балдар үйүнө жиберилет», — деп билдиришти райондук милициядан.

Мындан сырткары териштирүү иштеринде такталгандай, 12-апрелде болжол менен саат 15:00дор чамасында аталган айым социалдык кызматкерлерге барып, акча каражатынын жетишсиздигинен улам баласын таштоону билдирген. Ага жооп катары социалдык кызматкерлер Октябрь РИИБине кайрылууну билдиришкен.

«Белгилей кетүүчү жагдай, баланы алып кетүү үчүн апасы мыйзамдарда белгиленген бир катар документтерди бериши керек», — деп билдиришти Октябрь райондук милициясынан.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button