Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавируска байланыштуу өлкөдө киргизилген чектөө чаралары күчөтүлөрүн жарыялады.

«Эгерде биз коронавируска байланыштуу кырдаалды эки жуманын ичинде жакшырта албасак, анда биз катуу чектөөлөрдү киргизишибиз керек. Жума күндөрү коменданттык саат өзгөртүлдү, эми коменданттык саат 19: 00дө башталат (мурда 21:00 болчу) жана саат 05: 00гө чейин уланат. Коменданттык сааттын жүрүшүндө шаардын айланасында жүрүүгө тыюу салынат. Жашы жете электерге шаардык коомдук транспортторду пайдаланууга чектөө дагы киргизилди. 8 жана 12-класстардан жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен башка бардык класстар аралыктан билим алууну улантышат », — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, Ыйык Рамазан айында, 13-апрелден 12-майга чейин, ресторандар жеткирип берүү кызматын гана көрсөтүшөт.

Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 10 күндүн ичинде  коронавирустун  күн сайын көбөйүшү, пандемия башталгандан бери 55941ди түзүп, рекордду жаңылады.