Коом

Шашылыш билдирүү: 21-22 апрелдерде аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

20-апрелде күндүз  жана  21-22 апрелдерде  аба-ырайынын  кескин  өзгөрүлүшү күтүлөт:  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы  22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлады.

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн  Чүй, Ош,  Жалал-Абад,  Ысык-Көл  облустарынын кээ  бир  райондорунда  жаан-чачын  катуу  жаашы  күтүлөт.  Тоолуу  райондордо  жолдор  тайгак  жана  тоңголок  болот. Батыштан  соккон  шамалдын  ылдамдыгы  секундасына  4-9 метрден,  кээ бир  райондордо  15-20 метрге жетиши  күтүлөт.  Абанын  температурасы  төмөндөйт.  Мындай  туруксуз  аба-ырайы жайыттарда малды  кармоону, автоунаа,  энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк,  Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button