Коом

Бишкекте Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт

2021-жылдын 21-25-апрелинде А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV Эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт.
Фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.
Фестиваль 21-апрель күнү саат 18:00 дө Джузеппе Вердинин «Аида» операсы менен ачылат.
Негизги партияларды: Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Дина Дютмагамбетова (Аида), Түрк операсынын алдыңкы солисттери Унюшан Кулоглу (Радамес), Тунжай Куртоглу (Рамфис), Айни атындагы Тажик Мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын операсынын солисти, эл аралык конкурстардын лауреаты, Тажикстандын Эмгек сиңирген артисти Сайфулло Юсуфов (Амонасро), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Бекбаева (Амнерис), Нурлан Сүймоналиев ( Египеттин падышасы) аткарышат.
Ал эми, 23-апрель күнү гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.
Программага эл аралык сынактардын дипломанты Екатерина Шиманович(Россия), Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери Дина Дютмагамбетова (Казакстан), эл аралык сынактардын лауреаты, Россиянын Эмгек сиңирген артисти Павел Черных (Россия), эл аралык сынактардын лауреаты Тажикстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сайфулло Юсуфов (Тажикстан), Тунжай Куртоглу жана Унюшан Кулоглу (Түркия), Эл аралык сынактардын лауреаты Сергей Замытский (Украина), Өзбекстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кирилл Борчанинов, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү Садырбек Жумашев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Асел Бекбаева, Кайымбек Кускаков, Бактыбек Ыбыкеев , эл аралык сынактардын лауреаттары Заира Раимбекова, Орозбек Бакытов, солисттер Айзирек Момунова, Нуржигит Асанов, Данияр Долотбаков жана Таир Бейшеев катышат.
Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин «Принц Игорь» операсы менен аяктайт.
Башкы ролдордо КРнын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Ыбыкеев (Игорь Святославович), Мамлекеттик академиялык Мариинский театрынын опера солисти, эл аралык сынактын дипломанты Екатерина Шиманович (Ярославна), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Саралаев (Владимир Игоревич), Лысенко атындагы Харьков Улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, эл аралык сынактардын лауреаты Сергей Замицкий (Галицкий), Өзбекстандын А.Навои атындагы Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын опера солисти, Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген сүрөтчүсү Кирилл Борчанинов (Хан Кончак), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Бекбаева (Кончаковна) партияларын аткарышат.
Фестивалдын бардык күндөрү дирижердук пультта КРнын Эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button