Коом

Ялкун Даутов: “Пандемия учурунда баарыбыз көрдүк, милиция кандай иштеди”

Коомдо болуп өткөн акыркы окуялар, түзүлгөнүнө 97 жыл болгон, милиция кызматкерлеринин дарегине бир топ сын пикирлерди жаратты. 

ИИМдин коомдук кеңешинин төрөгасы, Өкмөттүн алдындагы коррупцияга каршы жумушчу тобунун мүчөсү  Ялкун Даутов Умаржанович  “Kadam-media.kg”  маалымат порталына милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу ой бөлүштү.  Ал «бүгүнкү күндө милиция саясатка аралашпай, бирөөнүн колунда курал болбошу керек. Экинчиден милицияга баарыбыз жапа тырмак мамлекет, мамлекет башчысы, өкмөт, жарандык коом, бейөкмөт уюмдар баары жардам беришибиз керек» дейт.

Негизи милиция кызматы аябай оор кызмат деп эсептейбиз. Кыргызстанда милиция кызматынын түзулгөнүнө 97 жыл болот. 97 жылдын ичинде абдан көп-көп көрүнүштөр болгон.  1991-жылдан баштап, Эгемендүүлүктү алгандаин соң биз баарыбыз саясатчылар, биздин мамлекет башчылар, элибиз,  үч революциядан, үч толкуноодон сабак алган жокпуз. Милициянын эң негизги максаты: бул карапайым элге, коомчулукка жардам берүү. Коомдук,коопсуздукту сактоо, жол коопсуздугун сактоо ушундай эле бут жагынан мамлекетке, жарандарга жардам берүү максатында милиция деп түзүлөт. Бирок, биз, үч революция болду орто жолдо жөнөкөй кызматкерлер, ИИМде иштеген кызматкерлер, Ак үйдүн жанында миңдеген кызматкерлер токмок жеп, жарадар болуп, 2010-жылы кызматкер, ИИМдин Академиясынын окуучулары, жаш балдар  каза болгон.

2020-жылда, 5–6-октябрда, элдин толкундоосунда 600 жүздөн ашык ИИМдин кызматкерлери жарадар болгон. Ооруканада жатып, бүгүнкү күнгө чейин ооруп жаткандар бар.

Садыр Нургожоевич Президент болгондон кийин, 80% эл шайлагандан кийин, колдоо көрсөткөңдөн кийин, “милиция менен министр саясаттан алыс болуп, элдердин көйгөйүн чечкен кызмат болуш керек”, — деп айткан. Бирок, биз баарыбыз күнөөкөрбүз бүгүнкү күндө ачык эле айтканда, милицияга сын-пикир абдан көп болууда. Муну баарыбыз моюнга алуубуз керекпиз. Акыркы күндөрдө биз өзүбүз көрдүк, 5-апрелде балдар Айзада Канатбекованы уурдап, машинеге салып алып кеткенде, биздин милиция кызматкерлери толук кандуу иштерди жүргүзгөн эмес. 7-апрелде баарыбыз, көрдүк Айзаданын сөөгүн таптык, ошол эле уурдаган баланын сөөгүн тапканбыз. ИИМдин 44 кызматкери мыйзам чегинде чараларды алды.

Мен ИИМдин коомдук кеңешинин төрөгасы катары бир нече жолу, ошол маселелер боюнча эмне кылуубуз керек, милициянын аброюн кандай жол менен көтөрөбүз деген суроолорго ММКлар аркылуу оюмду билдирип келе жатам. Бүгүнкү күндө милиция, саясатка аралашпай, бирөөнүн колунда курал болбошу керек, бул биринчи. Экинчи милицияга баарыбыз жапа тырмак мамлекет, мамлекет башчысы, өкмөт, жарандык коом, бейөкмөт уюмдар баары жардам бериши керек. Кандай жолдор менен жардам беребиз  мен азыр айтып кетейин:

Биринчиден, милициянын имиджин көтөрүү керекпиз. Милицияга шарт түзүп, инвестициялар көп болуш керек. Айлык акыларды көтөрүү керек.  Биз  коомдук кеңеш айылдарды бүт регионду кыдырып чыктык. Эки эле регион калды Талас менен Нарын.  Ал эми Ош, Баткен, Ысык-Көл жер-жерлерде биз бүт ИИМдин кызматкерлери менен жарандык активистер менен, аксакалдар кеңеши менен жолугуп, тегерек столдорду өткөрүп, ошол жерде көйгөйлөрдүн баарын карадык. Бүт жерде бир эле сунуш, бир эле сураныч, “милициянын аброюн көтөрүп бергиле, милицияга шарт түзүп бергиле, милицияга жакшы айлык акыларды алыш керек, социалдык жактан жардам алышы керек” деп жөнөкөй милиция жөнүндө айтышат. Жетекчилер, көпчүлүгү жетекчилик кызматка келген соң, кечирип коюңуздар, жөнөкөй милиция кызматкерлерин ойлобойт экен. Бүгүнкү күндө мына, 600 жүзгө жакын жарадар болгон  кызматкерлерге акча каражаттан толук кандуу жардам берилген эмес.

Пандемия учурунда, биз баарыбыз көрдүк, милиция кандай иштеди. Элдин ишеними пандемия учурунда милицияга аябай  көтөрүлдү. Муну баары белгилеп жатат. Бул ачуу чындык. Бирөөгө жагабы жакпайбы, бирок бул чын. Биз да коомдук кеңеш, баарын, Чүй облусу, Бишкек шаарындагы постторду кыдырып, ошол жерде турган кызматкерлерди көрдүк. Ал жерде жашпы, кызбы, балабы айырмасы жок, бүт баары бир муштумдай болуп элдердин коопсуздугун сактайбыз деп иштеп турду.

Милициянын ичинде да, абадан жакшы көрүнүштөр бар. Биз көрүп жатабыз, бүгүнкү күндө, Патрулдук милиция Бишкекте, Ошто иштеп жатат. Элдин арасында жакшы ой-пикирлер болуп жатат.  Бирок, башка кызматкерлерге караганда, патрулдук милицияга биз көңүл буруп, аларга жаңы формаларды, машиналарды, айлык акыларын 28-миңден 32 миңге чейин көтөрүп бердик.

Тергөөчүлөр, тескөөчүлөр, опер кызматкерлер ж.б лар, “биздин айлыгыбыз 20 миңден ашпайт, патрулдук милициянын айлыгы 32 миңге чейин баарыбызды тең кылып берсеңер”, — деп суранып жатат. Менин оюмча, баарыбыз бирдей карашыбыз керек. Кандай да кызматкер болбосун жумушу аябай оор. Ошондуктан, биз биринчиден жөнөкөй кызматкерлерден баштап, ошолорго көңүл буруп, айлык акыларын көтөрүп, социалдык жагынан жардам беришибиз керек.

Экинчи негизги маселе бул, бүгүнкү күндө 2017-жылы жумушчу топ түзүлүп жаңы мыйзамдар, кодекстер иштеп чыгарылган. 2019-жылдын 1-январынан тартып бул кодекс менен мыйзам ишке киргенде биз айттык, бул мыйзамдар, кодекстерди башкача чыгарышыбыз керек. Бул туура эмес, гуманизация деп биз милицияны талкалап жатабыз, аброюн түшүрүп жатабыз деп. Эмне себептен десек, мына 3-4 мисал келтирип кетейин. Тергөөчүнүн иштери көбөйдү 200дөн 500гө чейин ишти Бишкек шаарында бир тергөөчү карайт экен. Биз 2019–2020-жылдары биз көзөмөл жүргүзгөнбүз. Ошолорду тактаганбыз. Бул такталган маалыматтар. Тергөөчү толук кандуу өзүнүн жумушун жүргүзө албайт. Анткени убактысы жетпейт. Бул бир, экинчи ошол кодекске ылайык опер кызматкерлердин көп иштерин биз тергөөчүлөргө тапшырып бергенбиз. Бул нонсенс. Башка мамлекетерде Россия, Казакстан болобу СНГ мамлекеттерде болобу мындай нерсе жок. Бул бизде гана, биз эле Кыргызстан ушундай өзгөрүүлөрдү киргиздик. Бирок бул биздин менталитетке, саясий чөйрөгө туура эмес келген кодекстер болуп калды. Ошон үчүн биз азыр күнгө чейин  кызматкерлердин кыйналып жатат.

Биз бул кодекстерди, жаңы конституцияны кабыл алгандан кийин кайрадан карап чыгышыбыз керек деп сунуштап жатабыз. Муну оңдоп чыгышыбыз керек. Керек болсо өзгөртүп, ыңгайлуу элдерге жардам берип турган мыйзамдарды кодекстерди бекитишибиз керек.

Андан тышкары ИИМдеги коррупция маселеси. Өзгөчө кызматкерлердин арасында жарым жылдын арасында он чакты кызматкер коррупция менен кармалды. Бул абдан терс көрүнүш. Ошол үчүн биз  сунуштап жатабыз коррупция менен кармалган кызматкерлерди жумуштан эле албай, алардын жетекчилерине да чара колдонуу керек деген. Анткени мындай көрүнүштөр болбошу керек.  Ал үчүн айлык акыларды көтөрүү керек. ИИМдин кызматкерлеринин айлык акылары 30 миңден кем болбошу керек. Патрулдук милицияны жалпы өлкө боюнча киргизүү керек.

Азыр айтылып жаткан санариптештирүү боюнча иштерди алып баруубуз кажет. 102 кызматына чалганда  Американын 911 деген кызматындай иштеши керек. Ошого биз  мыйзамдарга өзгөртүү киргизип 102 кызматын санариптик кызматка өткөрүп, чалуу келгенде кайсы жерде бара жатат, кандай болуп жатат бүт маалыматтарды онлайн көзөмөлдөй алгандай болушу керек. Ар бир УВД, ГУВД,ГОМ болобу материалдык, техникалык базасын камсыздап жардам беришибиз  керек. Өзгөчө чек арада жайгашкан милиция кызматкерлерине бардык шартты түзгөн оң. Анткени бул жерде көптөгөн кылмыштар катталат. Андан тышкары конкурстук негизде тандоо болушу зарыл.  Ошондо гана кызматка берилген патриот жигиттер кызматкка келет.

Ал эми ички иликтөө кызматы жалаң эле милиция кызматкерлерин кармабай, профилактика менен шарт түзүп көп жумуштарды алып барышы керек.

Бүгүнкү күндө 700гө жакын милиция кызматкерлери батирлерди алышты. Бул нерсени улантуу кажет деп ойлойм.

Даярдаган Назгүл Шүкүрова.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button