Кыргызстанда акыркы суткада жугуштуу пневмония жана COVID-19 оорусунун дагы 272 учуру аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Анын айтымында,
Бишкек шаарында 148,
Ошто 6,
Чүйдө 86,
Ош обл 4,
Таласта 2,
Нарында 3,
Ысык-Көлдө 18,
Жалал-Абадда 4,
Баткенде 1 учур катталган.
Өлкө боюнча коронавирустан жети адам каза болду.
Анын төртөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1 573 адам каза болду.