Коом

Эл жазуучусу Бексултан Жакиев менен коштошуу зыянаты опера жана балет театрында өтөт

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Бул тууралуу Улуттук Жазуучулар союзунан билдиришти.

Алардын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 11.00дө башталат.
Бексултан Жакиев 86 жаш курагында коронавирустан көз жумган.

Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Билими:

1958 — Кыргыз мамлекеттик филология факультетин аяктаган. Камбаралы Бобулов, Сейит Жетимишев, Ашым Жакыпбеков, Чөкү Дөөталиев, Жалил Садыков, Сарман Асанбеков анын курсташтары;
1962 — Киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолу:

1963-1968 — «Кыргызфильм» киностудиясында редактор;
1968-1972 — Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор;
1972-1975 — Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары;
1988-1992 — КР президентинин мамлекеттик кеңешчиси;
1992-1993 — «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору;
1994-2000 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы.

Чыгармалары:

Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.

Жакиевдин «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда.

Жазуучу 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Сыйлыктары:

1974 — Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери;
1989 — КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси;
1993 — Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
1994 — Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы жана Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты;
1999 — Казакстандын Астана медалы менен сыйланган;
Бексултан Жакиевге эң даражалуу наам — Кыргыз Эл Баатыры ыйгарылган.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button