Коом

Аскар Салымбеков: “Электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча төмөндөгүдөй вариантты сунуш кылам”

Коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков Фейсбуктагы баракчасына, электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча  сунушун жазды. Анын айтымында, Өкүмөт коомчулуктун пикири менен эле токтолуп калбастан дүйнөлүк мамлекеттердин электр энергияны колдонуу ыкмаларынын биздин мамлекетке ылайык келүүчү кандай тажырыйбалары бар карап чыгышса туура болот эле дейт.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

 

“Электир энергиясын колдонууга болгон тарифти кайра карап чыгуу маселеси биртоп жыл мурда эле бышып жетилсе да бул тармактагы проблемалар чарбалык эмес саясый түскө көбүрөөк ооп кеткендиктен саясый жетекчилер мамлекетин экономикалык абалын оор болгонуна карабастан бул темага кайрылууну улам кийинкиге жылдырып келишти. Коомдогу тарифтер боюнча жүргүзгөн талкууларын карап чыгып өз сунуштарымды бермекчимин. Коомчулук бул багытта түрлүү пикирлерин билдирип талкууга кызуу катышууда. Өкүмөт коомчулуктун пикири менен эле токтолуп калбастан дүйнөлүк мамлекеттердин электр энергияны колдонуу ыкмаларынын биздин мамлекетке ылайык келүүчү кандай тажырыйбалары бар карап чыгышса туура болот эле.

Айрым мамлекеттерде сутка ичиндеги жана күз-кыш мезгилиндеги электир энергисын колдонуунун тарифтери ар кандай болгон түрлөрү кездешет. Ошого жараша тарифтик баалар коюлса бул тартипке түшөт. Бүгүн техниканын өнүккөн кезинде мындай ыкманы колдонуу кыйынчылык деле туудурмак эмес.

Ошону менен бирге эле тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем. Бул боюнча атайын иштелип чыккан программа кабыл алынып, электр энергиясынын чыгымын азайтуу менен аны өндүрүүнүн кубаттуулугуна жетишүү керек демекчимин. Электр энергиясын колдонууга болгон баа эртедир кечтир өзүнүн өндүрүлгөн таза наркына коюлушу керек болчу. Энергетика тармагыбыз таптакыр кризиске батып абал бүгүнкүдөн да оорлой электе тармакты оңдоп кетүүнү колго алуу ишин баштаган туура. Кечиксек кырдаал мындан да оорлошуп аны оңдоого кеткен чыгым дагы көбөймөкчү”,-деп жазат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button