Саясат

Садыр Жапаров: «Казиного кыргызстандыктар киргизилбейт чет элдиктер гана киришет»

Президент Садыр Жапаров КТРКнын түз эфиринде маек берип жатып кумарканалар кандай шартта иштей тургандыгын айтты.

Мамлекет башчысынын айтымында, кумарканаларды ачуу демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттары көтөргөн жана аларды толугу менен колдой тургандыгын билдирди.

«Депутаттар кумарканаларды Ысык-Көл жана Баткен облусунда иштешин каалашууда. Бирок мен бардык жерде, анын ичинде Бишкекте дагы кумарканаларды ачууга каршы эмесмин», — дейт президент.

Ал Кыргызстандыктар  кумарканаларга киргизилбей тургандыгын  билдирди.

«Мен билем, Жогорку Кеңештин депутаттары бир кезде казино ээлеринен акча талап кылышкан. Бирок алар андан баш тартышканда, мыйзам кабыл алышып, бардык кумар оюн жайларын жаап салышкан. Казино ээлери эмне үчүн депутаттардын чөнтөгүнө төлөшү керек? Кантсе да, алар мамлекеттик бюджетке миллиондогон долларларды төлөп келишти», — деп түшүндүрөт мамлекет башчы.

«Казиного чет элдиктер гана киришет. Кире бериште казино кызматкерлери жана күзөтчүлөр болушат. Казино ээси дагы кыргызстандыктар киришине кызыктар болбошу керек. Болбосо, ага айып пул салынып, лицензиясы тартып алынат. Өлкөнүн абалы абдан аянычтуу жана бюджеттин ордун толтуруу үчүн бардык жолдорду издеп жатабыз. Болбосо айлык, пенсия, карыздарды төлөөгө мүмкүн болбой калат. Биздин жарандар казинолордо ойнойт деп коркпошубуз керек. Ыйык Рамазан айында кумарканаларды ачуу маселеси көтөрүлгөнү бул жөн гана сөз жана манипуляция. Дүкөндөрдө деле спирт ичимдиктерин сатып жатышат бул казиного караганда арам», — дейт Жапаров.

Мамлекет башчынын айтымында, казинолорго лицензия берүү менен бюджетке миллиондогон долларлар түшөт.

«Кумарканалардын ээлери беш жылдыздуу мейманкаларды гана курушат жана алардын бардыгы өлкөнүн аймактарында ачылат, ошондой эле инфраструктуранын өнүгүшү болот. Кирүү бир гана чет элдиктер үчүн болот деп ишендире алам. Көзөмөлдүн күчөтүлгөн абалда болушуна казино өзү кызыктар болот. Фишкаларды акчага алмаштыруу бир паспортко ылайык жүргүзүлөт», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button