Россияда мигранттарды каттоо үчүн QR коддорунун тутумун, ошондой эле чет элдик жумушчу күчүнүн реестрин түзүү сунушталууда, деп билдирди Улуттук куруучулар ассоциациясынын Президенти Антон Глушков.

Бул сунуш Россиянын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында иштелип талкууга коюлууда.

«Биз Россияга келип иштеп жүргөн мигранттардын так санын билип, алардын ар бири менен мамилебизди мыйзам чегинде жөнгө салышыбыз керек. Учурда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Жумушка алуу же документтерди текшерүү учурунда дал ошол код аркылуу адамдын мыйзамдуу жүргөнүн биле алабыз», — деди Глушков.

Ошондой эле, бул багыттын алкагында курулушта иштеген чет элдик мигранттардын электрондук реестрин түзүү идеясы талкууланууда.

Тактап айтканда, маалымат базасына кирүүдөн мурун эмгек мигранттары орус тилин билүү боюнча экзамен тапшырып, эмгекти коргоо боюнча курстардан өтүп, медициналык талаптарга шайкештигин тастыктоо сунушталды.

Буга чейин, 24-апрелде, Россиянын Ички иштер министрлиги өлкөдө эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген мигранттар үчүн электрондук патент киргизилиши мүмкүн деп билдирген.