Коом

Бишкекте Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди колдогон митинг өтүп жатат

Бүгүн, 28-апрелде президент Садыр Жапаровду колдогондор акция өткөрүштү. Иш-чара Жеңиш аянтындагы «Өчпөс оттун» жанында уюштурулуп, ага жүзгө чукул адам катышты.

Катышуучулар өлкөдөгү митингдерге каршы нааразычылык акциясына чыгышканын түшүндүрүштү. Алар чагымчылардын республикадан чыгып кетишин талап кылышууда. Мамлекет башчысынын жана УКМК башчысынын тарапкерлери да бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн сындап, «Батыштын экологдору өлкөдө эркин жүрүүсүн каалабайбыз» деп билдиришти.

Ошондой эле алар бейөкмөт уюмдарга, чыр чыгарууга себеп издеп тургандарга каршылыгын билдирип, Жапаровдун жүргүзүп жаткан саясатын туура деп эсептей турганын айтышты.

«Чукул аранын ичинде баарын Садыр Жапаров жасабай жатат деген — бул утопия, фантазия. Ошон үчүн бир аз күтө тургула, баары болот. Анын үстүнө жаңы Баш мыйзам күчүнө кире элек, ал бекилип, күчүнө киргенде Садыр Жапаров ким экенин көрөсүңөр!», — деди акцияга катышкандардын бири.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button