Коом

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Бүгүн таңкы маалда Көк-таш айылынын борборунда  тажик тарап  курал колдонгон.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында   күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн чечими менен  үй айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тажикстан менен чектешкен чек арада чыңалуу бар.

2021-жылдын 29-апрель күнү эрте менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган. Бул фактылар  Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) жана 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

 

 Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button