Коом
Коронавирус. 331 учур катталып, 6 бейтап каза болду
Кыргызстанда жугуштуу пневмония жана COVID-19дун 331 жаңы учурлары аныкталып,6 бейтап каза болду . Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Ага ылайык:
Бишкек шаарында 211,
Ошто 5,
Чүйдө 83,
Ошто обл 3,
Нарында 2,
Ысык-Көлдө 25,
Баткенде 2 учур катталган.
Акыркы суткада алты адам коронавирустан көз жумду.
Үч өлүм Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1 миң 604 адам каза болду.