Саясат

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз элине кайрылуу жасады

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышуу боюнча билдирүү таратты. Ал билдирүүнү Фейсбук баракчасына жарыялады.

«Урматтуу мекендештерим! Азыр баарыбыздын жүрөгүбүз Баткенибизде болуп жаткан окуялардан улам канталап турат. Кайтыш болгон мекендештерибиздин бейишин тилейбиз. Алардын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жараат алган мекендештерибиз тезинен сакайып кетсин. Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору коё турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгара турган мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз — мына ушул. Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин», — деп жазылат маалыматта.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button