Коом

Баткен. Абал туруктуу, түн тынч өттү

Бүгүн, 2-майда, Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

“Чек арага жакын айылдар толугу менен көзөмөлдө. Абал тынч, түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Бир нече айылга блокпосттор коюлуп, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Баткен шаарынын аймагында милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө үчүн түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Ошондой эле Баткен районунун Ош–Исфана унаа жолу толугу менен катуу көзөмөлгө алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button