Саясат

Талант Мамытов: «Чек ара чыр-чатагында кыйраган үйлөр кайра калыбына келтирилет»

 Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чек ара чыр-чатагында кыйраган үйлөр кайра калыбына келтириле турганын айтты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу кечээ,  2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылынын жашоочулары менен жолугушту. Алар Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында болушту. Жогорку Кеңештин төрагасы бул айылдын тургундарынын чек ара маселеси боюнча пикирлерин укту.

Жергиликтүү тургундар 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатакта чекаралаш аймакта жашагандардын үйлөрү бузулуп, өрттөнгөндүгүн айтышты.Талант Мамытов чек ара чыр-чатагында тамдары бузулган тургундардын турак — жай маселеси чечилип, тамдары толугу менен кайра калыбына келтирилээрин билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button