Коом

Баткенде дагы бир наристе чек ара чырында алган жараатынан каза болду

Баткен облусунун Арка айылында 5 жаштагы наристе, чек ара чырында, тажиктердин кол салуусунда алган жараатынан улам каза болду. Бул тууралуу маалыматты,  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы  ырастады. Ал 36-курмандык болуп калды.

Буга чейин, Фейсбуктагы баракчасына Барчын Аманова да жазып чыккан.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Кечир бизди, наристе

Дагы бир периштебиз, келечектеги бир үй-бүлөнүн ээси болчу наристе учуп кетиптир.

29.04.21 саат 19.15те Арка айылынын тургундары Тажикстан террористтик кол салган дүрбөлөңдөн атылган окту угуп жатышты. Бир кезде жардыруулар башталып сыртка атып чыкса эле үйлөр өрттөнүп баштайт. «Качкыла!» деген кыйкырык угулат. Мындай апаатты өмөрөндө көрбөгөн карапайым эл баары тоону көздөй качып жөнөшөт. Абидиндин апасы да уулун колунан сүйрөй экинчи наристесин бооруна кысып эл менен кошо чуркайт. Арасында жашы да, карысы, боюнда бар келиндер, майыптар бар. Эмне болгон апаатты түшүнбөгөн эл Фергана каналынан өтмөкчү болот. Эми жетишкенде кезектеги снаряд жарылып, Абидин сууга тушуп агып кетет. Денесин чоочун кишилер көрүп калып кармап калышат, дагы 200 метрдей агып барса тэлжиктер тарапка өтүп кетип табылбай калмак экен.

ТУРСУНБАЕВ АБИДИН АЛИБЕКОВИЧ 1-июльда 5 жашка толмок. Ата-эненин тун уулу, көкүрөк күчүгү, ширин небере.

Террорист Э. Рахмонов, шейит кеткендерге сыздагандардын көз жаштары сага тынчтык бербесин. Сен террорист, киши өлтүргүч, кылмышкерсин!»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button