Бул тууралуу ЖК депутаты Абдувахап Нурбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Депутаттын айтымында, эртеңден баштап БУУнун структураларынын өкүлдөрү Баткен облусуна барып, жабыркаган эл менен жеринен сүйлөшүп, изилдеп чыгышат.

“Бүгүн, депутат Каныбек Иманалиев менен бирге БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугуп, өлкөбүздө орун алган акыркы окуялар жана мындан аркы кадамдар тууралуу баарлаштык. Озонниа мырзага кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда Кыргызстандын эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди, келишимдерин толук аткарганын, кырдаалды сүйлөшүү жолу чечүүгө жетишкенин билдирдик.

Ошол эле мезгилде, Озонниа мырзадан жабыркаган элге ар тараптуу жардамдарды караштырып көрүүнү, талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн билдирдик.

Озонниа Ожиело эртеңден баштап БУУнун структураларынын өкүлдөрү Баткен облусуна барып, жабыркаган эл менен жеринен сүйлөшүп, изилдеп чыккандан кийин толугу менен жардам берилээрин билдирди.

Андан сырткары мындан ары коңшулаш өлкөлөр ортосунда ынтымакты сактоо, кызматташтыкты бекемдөө үчүн Орто Азия мамлекеттеринин парламент депутаттарынын жыйынын уюштурууну макулдаштык”- деп жазган эл өкүлү.