Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Аскарбек Джаныбеков брифингте төмөнкүлөрдү билдирди:
«Бүгүнкү күндө Баткен облусунда 64 миң 600 чарчы жер аянчасы бар. Анын ичинде 400 миң 850 чарчы жер айдалган. Ал толугу менен азыктандырылды. Андан тышкары жазгы талаа жумуштарында 45 миң чарчы жүргүзүлмөк, 85 пайыз бүттү. Жаздык буудай, жаздык арпалардын себилиши толугу менен бүтүлдү. Ал эми жашылчаларда 90 пайызга себилди. Суугат иштери Баткен облусунда эрте даярдык жүргүлүлөт. Ошол даярдык убагында өткөрүлүш үчүн, мамлкеттен 16 млн акча бөлүнгөн. Ал боюнча иштер 10-апрелде бизге маалымат берилди. 48 чакырым чарба аралык каналдар оңдоп түзөө иштеринен өткөрүлдү. Андан тышкары 16 насостук станция ремонтук ишин баштаган. Гидротехникалык курулуштардан, постордон 68 толугу менен ремонттолуп бүтүрүлдү.

Ошондой эле министр жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдөгү учурдагы абалы жөнүндө токтоло кетти.

«Жазгы талаа жумуштарына жана жайгы легитациялоодо эч кандай суу көйгөй жок. Бирок өзүңүздөргө белгилүү болгондой эле 28–29-апрелдеги кыргыз-тажик чырынан улам гидротехникалык мүчүлүлүштүктөргө болуп жатат. Бул боюнча айта турган болсок Аксай айыл өкмөтүндөгү терреториясы башкы куйма ал жер үч мамлекеттке суу менен камсыз кылат. Кыргызстан 37 пайызын пайдаланат ал суунун. 55 пайызын Тажикстан өлкөсүнө кетет. Ал эми 8 пайызын Өзбекстан мамлекетинин суугат иштерине кетет».

Апрель, май айларында биз Кыргызстандыктар бул суудан, суу албайбыз жыл сайын себеби, кыш боюу Төрткүл суу сактагычына суу топтолот. Ал жерге 90 млн куб суу топтолот. Быйылда буйруса ошол көрсөткүчтү берди. Бизде Төрткүл суу сактагычынан суу алынган жерлерде, суу берүү боюнча көйгөй жок. Ал жерге суу чарба адистегилер барганга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Азыркы кырдаалга байланыштуу. Төрт насостук станциянын экөөсү бүгүн эрте менен суу бериле баштады» – деди министр.
Ошондой эле Суугат суу менен камсыз кылуу маселе боюнча, суу берүү штаттык режимде жүрүп жатат жана айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиш бактарын сугарууга керектөөнү толук көлөмдө жабат деп толуктады» — деди Аскарбек Жаныбеков.