Коом

Зайырбек Эргешов: “Согуштун тез арада токтогону абдан маанилүү болду”

Зайырбек Эргешов — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, эксперт-конфликтолог.

-Тажик тараптын Кыргызстандын аймагына басып кирип, куралсыз жай тургундарга кол салып адам өмүрүн кыюусу дүйнөлүк коомчулукта агрессия катары бааланып жатат. Себеби ондогон адамдар каза болду, жүздөгөн адамдар жараат алды, үйлөр күйдү, көп обьектилер кыйрады. Бул биз үчүн абдан чоң кайгы.

Эң башкысы, согушту токтотуп калуу аракети болгону жана анын токтогону абдан маанилүү. Себеби, чек арадагы согуш оту Кыргызстанда эле эмес, жалпы Орто Азиянын мамлекеттерине да жайылып кетүү коркунучу бар эле. Ошондуктан согуштун токтогону абдан маанилүү. Ал эми дүйнөлүк мерчемден карасак, Жакынкы Чыгышта, Афганистанда, Кавказда, Украинада, Донбасстагы куралдуу жаңжалдар бир нечелеген айларга, жылдарга узарып кеткенин көрүп жатабыз. Бул окуялар миңдеген адамдардын өлүмүнө себепкер болууда.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 976 чакырым, анын 500 чакырымы чечилген, калганы чечилип делимитация, демаркация иштери аяктай элек. Ушул чек аранын чечилбей келе жаткан жерлерин эки тараптын паритеттик комиссиясы биргелешип чечиши керек. Эгер алар чечилбесе, дагы куралдуу кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Албетте, эки тарап тең муну мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктын негизинде чечет. Бирок акыры ал чечилиши зарыл. Антпесе, кечээги окуяларда тажик тарап чек арадагы айылдарды гана эмес, толугу менен бир райондорго кирип келип, эл аралык укук ченемдерине, мамлекеттер аралык кол коюлган келишимдерге, адам укуктары боюнча келишимдерге, ар бир мамлекеттин чек арасы ыйык жана кол тийбестигине карабай турганын көрдүк.

Кыргыз тарапта башка мамлекеттин аймагын басып алуу же кошуп алуу ниети жок. Болгону мыйзамдуу, такталган чек арабызды сактап калуу маанилүү.

-ЖККУ, Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын реакция кылбаганы эмнени билдирет?

-Бүгүнкү күндө Кыргызстан да, Тажикстан да жогоруда аталган эки уюмга мүчө. Кечээги окуя бул уюмдардын өз мүчөлөрүнө кандай реакция кылууну билбеген жагдайда экендигин көрсөттү. Бирок биз үчүн “алар чек арадагы жаңжалдарга эч нерсе дебей койду, биз алардан чыгабыз” деген пикир азыр эрте. Бул абалды дагы бир топ талдап көрүш керек. Экинчиден, бул уюмдардын уставдарын кайра карап чыгыш зарыл. Мүчөлөрүнүн ортосунда кризистик абал болгондо кандай позицияны кармануусу боюнча так жазылышы керек экени көрүндү.

Эгерде уюмдун бир мүчөсү экинчисине агрессия жасап, басып алууга аракет кылган учурда аны жазалоо, кол салган тарапка материалдык, моралдык кенемтелерди төлөтүү маселелери, мүчөлүктөн чыгаруу сыяктуу механизмдерди киргизүү демилгелерин жыйындарда көтөрүү зарыл. Керек болсо бул уюмдарга мүчө мамлекеттер бири-бирине курал көтөрүүгө тыюу салынат дегендей катуу санкцияларды киргизиш керек. Себеби бул уюмдардын уставдарында мындай чыр-чатактарда эмне кылуу кеерктиги так жазылган эмес. ЖККУнун уставында эгер ага мүчө мамлекетке мүчө эмес мамлекет кол салса, мүчө мамлекеттердин бардыгы согуштук аракеттерди жасайт деп жазылып турат. Бирок ЖККУда да, ШКУда эл аралык террорчулук, экстремизм менен күрөшүү деген гана ченемдер бар. Демек, алардын уставдарын кайрадан карап чыгууга аракет кылуу зарыл.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button