Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация
жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү
жасады. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнөн билдиришти.
Андагы маалыматка караганда, эки өлкө делимитация жана демаркация иштери аяктаганга чейин жана кыргыз-тажик чек ара чеги юридикалык негизде бекитилгенче Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн «Ходжаи Аъло—Ворух» жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт.
«Бул жолдун статусу өзүнчө мамлекеттик келишим менен аныкталат. Тараптар бул жолду курууну макулдашып, топографикалык жумушчу топтун мүчөлөрүнө 2021-жылдын 1-июнуна чейин Баткен районунун аймагындагы участканы изилдеп чыгуу тапшырылды. Эки тарап Капчыгай айылынын чыгыш тарабы менен айланып өткөн «Ходжаи Аъло – Ворух» жолу курулгандан кийин Ворухтагы кыргыз-тажик чек арасынын линиясын долбоорлоого киришүүнү макулдашты», — деп айтылат маалыматта.
Тараптар келерки жолугушуу Тажикстандын аймагында ишке ашарын айтышты.