Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

 

Өмүр баяны:

Мамыржан Тойчиевич Рахимов 1968-жылы 19-августта Ош областына караштуу Баткен районунун Баткен айылында туулган.

Жогорку Билимдүү. Муниципалдык кызмыттын 3-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу: 

– 1985–1986-жылдары Баткен ветеринардык станциясында ветеринар-санитар;

– 1986-жылы Баткен пищекомбинатында жумушчу;

– 1986–1988-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

– 1984–2003-жылдары “Тойчу” дыйкан чарбасынын директору;

– 2003–2008-жылдары “Баткентранс” муниципалдык ишканасында механик;

– 2008–2017-жылдары “Энергоснаб” ЖЧКсынын директору;

– 2012–2016-жылдары Баткен шаардык Кеңеш V чакырылышы депутаты;

– 2016–2017-жылдары Баткен шаардык Кеңеш VI чакырылышы депутаты

– 2017-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен шаарынын мэри болуп эмгектенип келген.

Мамлекеттик сыйлыктары:

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Данк медалы менен сыйланган.

2020-жылы Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы №5 сандуу токтомунун негизинде Баткен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган.