Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.

Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.