Коом

Бир нече президенттер, уюмдар Кыргызстанды Айт майрамы менен куттуктады. Тизме

Бир катар мамлекеттердин башчылары жана эл аралык уюмдардын жетекчилери Кыргызстан элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт менен куттукташты.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреев тынчтыктын жана ынтымактын символу болгон ыйык Орозо айт Түрк дүйнөсүндөгү боордоштук мамилелерди чыңдай беришин каалаган.

Ал эми эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин куттуктоосунда кыргыз элине тынчтык, бакыт-таалай жана бакубат жашоо тилеген.

Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) башкы катчысы Юсуф Бин Ахмед Аль-Усеймин «Биз Алладан Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүн тынбай тиленебиз, ошондой эле жалпы ислам үммөтүнө тынчтык жана эсенчилик каалайбыз» деген куттуктоосун жиберген.

Ал эми мамлекет башчылар Жапаровго чың ден соолук, ишмердүүлүгүндө жаңы жетишкендиктерди, кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалаган.

Куттуктоо катын жиберген президенттер:

  • Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
  • Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа Бин Заид Аль Нахайян;
  • Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев;
  • Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев;
  • Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Оман мамлекетинин султаны Хайсам бин Тарик.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button