Чүй облусунун Сокулук районунда дүкөндөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, өрт саат 21:56да толук өчүрүлгөн. Кечээ, 13-май күнү кечинде Новопавловка айылынын Киров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыккан. Өрт саат 20:43тө чектөөгө алынган.