УКМК Бишкектеги Кумтөр Голд Компани кеңсесинде тинтүү болгонун тастыктады.

Басма сөз борборунан билдиришкендей, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш кайсы берене менен козголгону белгисиз. «Калган суроолорго үчүн эч кандай комментарий жок», — деп кошумчалады департамент.

Буга чейин УКМК кызматкерлери жеринде иштеп жатканы маалымдалган. Алар компаниянын кеңсесинен так эмнени издеп жатышканы белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, касса жана оргтехника сыртка чыгарылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Белек Калыков билдиргендей, маалымат каражаттары бардык жеткиликтүү маалыматтарды дүйшөмбү күнү гана ала аларын, анткени көзөмөлдөө органынын кызматкерлери бүгүн эс алууда экенин билдирди.