Парламент бүгүн, 17-майда кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.  «Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

«Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен», — деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес деген пикирин айтып, алардын ар бири убагында кендин ишин иликтөө боюнча комиссия түзгөнүн кошумчалады. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева комиссия түзбөгөнүн белгилеп, «бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп Кумтөрдү улутташтырып салса болмок эле»,- деп кошумчалады.