Коом

Баткенде тажиктердин кол салуусу учурунда документин жоготкон 17 жаран жаңы паспорт алышты

Чек арада тажиктердин кол салуусу учурундагы окуяда өздүгүн аныктоочу документтерин жоготкон жарандарга Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери жеринде документтерди кабыл алууну жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүнкү күнгө Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ID-кард үлгүсүндөгү паспорт алуу үчүн 49, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн 2, нике күбөлүгүн алуу үчүн 1 жарандын арызы кабыл алынган.

Бүгүн 18-майда, 17 жаран өздүгүн аныктоочу паспортторун алышты.

Кырдаалга байланыштуу Баткен шаарындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды кабыл алуу борбору (ЦОН) иштөө тартибин өзгөртүп, эрте мененки саат 8:00дөн, кечки саат 20:00гө чейин иштеп, документтерди кабыл алуу жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button