Коомдук ишмер, теле алып баруучу, Ассоль Молдокматова  фейсбуктагы баракчасына Бишкектеги “Аутизм Победим KG” борборунда балага катара зомбулук болгонунун жазды.

Ага баланын апасы кайрылган.  Билдирүүдө  бала ДЦП менен ооругандыгы айтылат.

“Саламатсызбы Ассоль, менде жаман жаңылык бар. Атым Назгүл, балам 6 жашта жана ДЦП менен ооруйт. Беш жашында баса баштады. Жакында баламды дефектологго алып бара баштадым. Балам сүйлөй албайт. Дефектолог баламды катуу сабаган экен. Жардам берүңүүздү суранам. Менде анын видеосу бар”, — деп жазган баланын апасы.