Коом

Төрт банк чек арада жабыркаган жарандардын насыясын кечти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган жашоочулардын насыялары кечилип, айрымдарына жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан  кабарлашты.

Маалыматка  ылайык, «Компаньон» банкы 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөтүп, 17 жарандын насыясын кечкен. 3 жарандын кредитинин пайызын төмөндөткөн. Ошондой эле «РСК» банкы 1 тургундун насыясын кечип, 2 млндон ашуун каражат жардам берген. «Бай Түшүм» 9 жарандын насыясын жокко чыгарган.

«Аталган банктардан жалпы 30 жарандын кредиттери жоюлду. 7 аскер кызматкерлеринин жана турак жайлары жабыркаган тургундардын насыясынын пайызы 6 ай мөөнөткө чейин токтотулду. Жеңилдетилген насыялар берилип, 2,5 миллионго жакын каражаттар которулду», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, аталган аймактагы банкттардын өкүлдөрү менен жолугуп, чек арадагы окуяда жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароону тапшырган.

Натыйжада «Мөл-Булак», «Компаньон», «РСК» «Бай-Түшүм» банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алынган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button