Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институту капиталдык оңдоодон өттү


Бүгүн, 15-майда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий изилдөө институтунда министрдин орун басары Асел Кененбаеванын катышуусунда институттун капиталдык оңдоодон өткөн имаратынын жана жаңы химиялык лабораториянын ачылышы өттү.
Ошондой эле мекеменин ишмердүүлүгүн колдоо максатында микроавтобус тапшырылды. Андан соң мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси, KOPIA борборунун жетекчиси, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан келген адистер катышты.
Илимий институттун имаратаы KOPIA борбору тарабынан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, химиялык лабароториялык каражаттар республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынды.