Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Маданий саамалыкка Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, ошондой белгилүү акын, жазуучулар, коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген акын, жазуучу жана өнөр инсандары катышууда.
Белгилей кетсек, фестивалдын уюштуруучусу — Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд.
Аталган фонд 2020-жылы түзүлгөндөн бери кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, жаш калемгерлерди колдоого, улуттук поэзиянын нукура баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого багытталган ишмердүүлүктү активдүү жүргүзүп келет.
Фонд тарабынан жыл сайын поэзия боюнча конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук адабий байге ыйгарылат. Ошондой эле, эссе жана көркөм окуу боюнча сынактар өтүп, мыктыларга 100 миң сом сыйлык каралган. Бул ирет да бул байгелер каралган.
Беш жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келе жаткан фестивалга жалпысынан 500дөн ашуун жаш акын катышып, өз чыгармаларын элге тартуулашты.
Фестивалдын жүрүшүндө акындар поэзия кечесин уюштуруп, чыгармачылык кечелер, китеп көргөзмөлөрү жана адабий окуулар менен коштолот.
Бул иш-чара Чыныбай Турсунбековдун рухий мурасын сактап калууга гана эмес, жаңы муундагы калемгерлердин өсүп жетилишине өбөлгө болууда.
Фестиваль жаш акындар үчүн чоң шык жана чыгармачылык дем берет.