Нурбек Сатаров Нарын облусунун башчысы болду


Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирлди.

Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Нурбек Сатаров 1984-жылы Ат-Башы районунун Пограничник айылында туулган. Буга чейин ал Ат-Башы районунун акими, Нарын облусунун башчысынын орун басары болуп иштеген.