Кембридж окумуштуулары илимий изилдөө тарыхында болуп көрбөгөндөй долбоорго белсенди. Анын алкагында адамдын ДНКсынын структуралык компоненттерин түп-тамырынан баштап, атом-атомдон курап, баштапкы химиялык элементтерден чогултууну көздөөдө.
Ушул күнгө чейин бул багытта изилдөө жүргүзүүгө катуу тыюу салынып келген. Анткени адамдын геномун оңдоо акыры «дизайнерлик наристелердин» (алдын ала программаланган мүнөздөмөлөрү менен) жаралышына алып келет деген кооптонуулар бар эле.
Эми азыр британиялык Wellcome Trust ири медициналык кайрымдуулук уюму аталган долбоорго алгачкы 10 миллион фунт стерлинг (болжол менен 13,7 миллион доллар) бөлдү. Мындай кадамын уюмдун өкүлдөрү бүгүнкү күнгө чейин айыккыс генетикалык оорулардын азабын жеңилдетип, аларга каршы атайын дарыларды издөөнү кыйла тездетет деп түшүндүрдү.
Долбоордун жетектөөчү изилдөөчүлөрүнүн бири, Кембридждеги MRC Молекулярдык биология лабораториясынын өкүлү Жулиан Сейлдин айтымында, бул изилдөө биология тармагында чоң ачылышты жасап, илимий чөйрөнү жаңы бир тепкичке жогорулатат.
«Гендер менен каалаган нерсени жасоого болот – эч кандай чектөөсүз. Пациенттин абалын карыган сайын жакшыртып, натыйжада дарттарын азайтып, дени сак карылыкты камсыз кылуучу дарылоо ыкмалары жөнүндө айтылууда», – деп түшүндүрдү ал.

