«Инсан-Лейлек» фонду Ош шаарында «Мигранттар Профсоюзунун» активисттери үчүн жаштар лагерин өткөрөт
Ош шаарында 10–14-июнь күндөрү «Мигранттар Профсоюзунун» активисттери үчүн жаштар лагери өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Аталган иш-чара «Солидарность» борборунун колдоосу менен «Инсан-Лейлек» коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт. Анда, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарындагы жаш профсоюз активисттери катышып, бир топ учурдагы маанилүү темалар талкууга алынат.
Темалары:
«Жаштардын профсоюздук активдүүлүгүн мотивациялоо»;
Лагерге атайын чакырылган тренер-коуч Лилия Утюшева;
“Мүмкүн эмес МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ишке ашыруу орду”;
«Активисттин баалуу образы»;
“Приоритеттерди туура тандоо” – коомдук-саясий жана социалдык процесстердин эксперти, изилдөөчүсү Эльмира Ногойбаева;
“Миграция жана учурдагы заманбап контекст”;
“Эл аралык деңгээлдеги миграциянын заманбап тенденциялары”, ошондой эле “Кыргызстан курулуш жана курулуш өнөр жай материалдар кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы” Элдияр Карачалов
“Эмгек укугунун негиздери”;
«Соvid-19 пандемиясынын шартындагы алгылыктуу эмгектенүү”;
“Эмгек укуктарынын бузулуусуна канткенде жол бербөө зарыл”, — деген аталыштагы темалар болмокчу.