Кылмыш-кырсык

Бишкекте батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды

ӨКМдин Куткаруу кызматына Бишкектин Сыдыков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен балкон аркылуу эшикти ачып киргенде, батирдин ичинен 76 жаштагы С.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button