Өмүр сактап, урмат тапкан милициянын лейтенанты Акылбек Макеев


Бүгүн Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын генерал-майору Мурат Боронов, туристтик-экологиялык милиция кызматынын тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Акылбек Макеевди 2025-жылдын 24-июнунда болгон өзгөчө кырдаалда 10 жашар өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган эрдиги үчүн Ардак грамота менен сыйлады.
Сыйлык тапшыруу учурунда милициянын генерал-майору Мурат Боронов милициянын лейтенанты Акылбек Макеевге терең ыраазычылык билдирип, анын кесипкөйлүгү жана кайраттуулугу башка кызматкерлерге жана жарандарга өрнөк боло турган иш экенин белгиледи.
«Коомдун коопсуздугу үчүн кызмат өтөгөн ар бир кызматкердин ушундай жоопкерчиликтүү жана адам өмүрүнө кайдыгер карабаган мамилеси биз үчүн баа жеткис. Бул окуя — милдетти гана эмес, адамгерчиликти да көрсөтө алган эрдик», — деди милициянын генерал-майору Мурат Боронов.
Акылбек Макеевдин эрдиги коомчулук тарабынан да жогору бааланууда. Анын ыкчам жана тайманбас аракеттери өзгөчө кырдаалда бала өмүрүн сактап калууга себеп болду.