Коом

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор протоколго кол коюшту

16-22-августта Баткен облусунун Исфана шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдады.

Жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлуп, кийинки отурумду Тажикстандын аймагында өткөрүү макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button